Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кайсы бир компаниянын өкүлдөрү менен жолуктурганын айтып чыккан. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берип, төмөнкүлөрдү билдирди.
"2013-жылы УКМК тарабынан мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо тармагында коррупциялык тобокелчиликтер бар болгону үчүн өкмөткө "Учкун" ААКынын базасында мамлекеттик басмакананы түзүү сунушу киргизилген. Ошол учурда Кыргыз мамлекетинин аймагында мамлекеттик маанидеги документтин түрү 280ден ашып, көпчүлүгү менчик ишканалар тарабынан жасалып жаткан.
2014-жылы өкмөт тарабынан УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун катышуусунда мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Кыргыз өкмөтүнө Орусия Федерациясынын өкмөтү жана швейцариялык "КБА НотаСис С.А." компаниясы тарабынан соода-экономикалык кызматташтыктын алкагында мамлекеттик басмакананы курууга көмөк көрсөтүү боюнча сунуштар түшүп жаткан.
2014-жылы "КБА НотаСис С.А." компаниясы документтерди жасоо боюнча Кыргыз өкмөтүнө сунуштарын жөнөтүшкөн. Бул компания дүйнө жүзү боюнча документтерди (паспорт, бланктар) жогорку деңгээлде жасагандардын бири болуп саналарын айта кетүү керек.
Кыргыз өкмөтү менен болгон сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жыйынтык чыкпагандыгына байланыштуу, 2018-жылдын 6-декабрында жумушчу топтун мурунку мүчөсү катары Идрис Кадыркуловго "КБА НотаСис С.А.нын" аймактык директору М.Полуянов менен компаниянын Кыргыз жериндеги өкүлү Т.Магамбетов жолугушуп, документтерди чыгаруу маселесин талкуулоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги менен жолугушуу уюштуруп берүүнү суранышкан.
Чындыгында расмий эмес жолугушууда Алина Шаикова менен Дастан Догоев документти жасап чыгаруу маселесин кароодон баш тартышкан. Мамлекеттик каттоо кызматынын бланкаларды менчик ишканалардан алгандыгына байланыштуу, кирешесиз иш экенин негиз кылышкан.
Алина Шаикованын Идрис Кадыркулов анын артынан куугунтук жасап жатканын айтканы чындыкка дал келбейт. Бул УКМКны коомчулук алдында каралоо жана жоопкерчиликтен качуу аракети болуп саналат.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери материалдык жактан баюу үчүн ыйгарым укуктарын пайдаланышканы тууралуу УКМК жүргүзгөн тергөөдө жетиштүү далил чогулду. Жыйынтыгында биометрикалык паспорттор үчүн бланканын баасы жалпысынан 253 миллион сомго кымбат болуп калган. Тергөө иштери уланууда".