14-майда кечке маал интернет тармактарына Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, дин аалымы Чубак Жалиловдун дасторкон үстүндө чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды.
Аны Сулайманов баракчасына жүктөп "Чубак ажы жана Жанар иним үчөөбүз бүгүн чогуу ооз ачтык. Кыргыздын эки мыкты уулунун бири-бирине болгон урмат-сыйы өтө бийик деңгээлде экен" деп жазган. Интернет колдонуучулардын көбү Чубак Жалилов менен Жанар Акаевдин мындан 3 жыл мурун Орозо айында чырдашканын эстешип, эми элдешкени жакшы көрүнүш болуптур деген пикирлерин жазышкан.
2016-жылдын июнь айында депутаттар жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу боюнча мыйзам долбоорун карап, айрымдары ага каршы добуш беришкен. Андан кийин дин аалымы Чубак Жалилов социалдык тармактагы баракчасына бул аракетке каршы добуш берген депутаттарга карата пикирин видео аркылуу билдирген. Жума күнкү түшкү тыныгууну узартууга каршы добуш бергендердин бири Жанар Акаев анын билдирүүсүнө өзүнүн нааразычылыгын айткан. Анда ал Жалиловдун билдирүүсүн: "Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери - бул экстремизм, такфиризм!", - деп сындаган.