Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев "КТ мобайл" компаниясы боюнча маселе көтөрдү.
"Маалымат каражаттарында жаңы түзүлүп жаткан "КТ Мобайл" компаниясы эч иш аткарбай 345 миллион сом алганы жарыяланды. Ишкананын кызматкерлери чоң суммадагы айлыктарды алып жатканы коомчулукка чыкты. Бул боюнча парламент реакция кылышы керек. Парламенттик комиссия түзүп, бул нерсени текшерүү зарыл. Артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда, мунун артында өкмөт башчынын жакын туугандары турат деген сөздөр чыгып жатат", - деди Жанар Акаев.
Жанар Акаевдин сөзүн депутат Рыскелди Момбеков дагы колдоп, депутаттык комиссия түзүү керектигин айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков фракция, тийиштүү комитеттин чечими менен комиссия түзүү боюнча маселени палатага алып чыгууну сунуштады.
Буга чейин интернетке "КТ Мобайлдын" жетекчилеринин айлык маяналары 300 миң сом деген маалымат тараган. Компаниянын өкүлү Эрназар Иманкадыр уулу бул маалыматты четке какты.