Өлкөдө "Кыргызтестти" тапшырган мектеп окуучуларына артыкчылык берилет

"Кыргызтестти" тапшырган мектеп окуучуларына артыкчылык берилет. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда уюштурулган маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим алуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Төлөсбай Абылкасымов билдирди.

"Окуу жылы аяктап баратат, учурда мектеп бүтүрүүчүлөрү экзамендерди тапшырууга даярданууда. Жалпы республикалык тестирлөө 19 жылдан бери өткөрүлүп келет. 2018-жылы ар бир облуста "Кыргызтест" системи ишке киргизилген. Ал тестти тапшыруу сөзсүз эмес, бирок аны тапшырган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилет. Мисалы, эгер экзамен тапшырган эки мектеп окуучусу жалпы республикалык тестирлөө учурунда бирдей балл алса "Кыргызтесттен" өткөнүнө артыкчылык берилет", - деди Абылкасымов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jasgul
2019-05-15 13:55:54
Кыргызтесттен откондугу боюнча сертификаттарды бересинерби былтыркы мамкызматкерлерге.
0
zevs
2019-05-15 14:12:46
Kyrgyzdyn tilin kotorsonor abdan jakwy.mamleket tili menen mamleket bolot.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан