Депутат журналисттер үчүн Жогорку Кеңештеги дресс-кодду жоюп салууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев журналисттер үчүн Жогорку Кеңештеги дресс-кодду жоюп салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Журналисттер дресс-код үчүн Жогорку Кеңешке кире албай жатышат. Ушул кичинекей маселени дайыма көтөрүүгө туура келет. Буйрук чыгарып, жок дегенде журналисттерге кирип-чыкканга дресс-кодду жоюп салуу керек. Алар да өздөрүнүн жумуштарын аткарып жатат. Эшикке чыгып интервью берген, бизге ыңгайсыз болуп жатат", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков аккредитациядан өткөн журналисттер Жогорку Кеңешке кирип жатканын айтты. Төрага бул боюнча журналисттерге атайын жеңилдетилген шарт каралып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан