Кечээ, 15-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз-Түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу каралды.
Маалыматка ылайык, келишим өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, тараптардын биринин аймагында өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда өз ара жардам берилет жана анын алкагында кырсыктын алдын алуу жаатында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат. Жыйынтыгында мыйзам долбоору парламентте жактырылды.