Бүгүн, 16-майда Жогорку Сотто "Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди" деп айыпка жыгылган юристтер Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын иши каралды. Жогорку Соттун чечимине ылайык, юристтер Атамбаевге 10 миллион сом айып пулду төлөбөй турган болушту. Бул чечим дароо күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.
Буга чейин 2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин ал кездеги жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.
2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекендин" юристтерин "жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт" деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан эле.
Учурда Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова "Ата Мекендин" юристтери эмес.