Орусияда эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз жарандарынын жакындарына өкмөт тарабынан 50 миң сом компенсация төлөп берүү бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
"Жүк 200" боюнча акчаны төлөп берүү милдетин элчиликке же миграция кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүп берсе жакшы болмок. Себеби аларды чуркатпай жеринен төлөп берсе, аларга да ыңгайлуураак болот. Ал акчаны алуу үчүн мигранттар күндөп-түндөп чуркап, ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатыптыр", - деди Тиллаев.
Мындан сырткары депутат Исхак Раззаковдун Москва шаарында оор шартта жашап жаткан кызы Элмира Раззакованын абалы боюнча да маселе көтөрдү.
"Мен Элмира Раззакова менен жолугуштум. Анын жашоо-шарты өтө оор экен. Мамлекет жана өкмөт тарабынан улуу инсандын кызына ушундай көңүл кош мамиле жасалгандыгы туура эмес. Учурда ал 72 жашта экен. Кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүнү карап чыгуу керек", - деп кошумчалады.
Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1950-1961-жылдары Кыргыз Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөсүндө туулган. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Раззаков 2 Ленин, Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган. 1979-жылы 19-мартта 69 жашында каза болгон.