Депутат: "Мамлекеттик бюджеттен каржыланып жаткан маалымат каражаттарына үгүт учурунда партияларды акысыз эфирге чыгарууну сунуштап жатабыз"

Бүгүн, 16-майда депутат Бакыт Төрөбаев шайлоо тууралуу мыйзам долбоору боюнча маалымат жыйын берүүдө.

Ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

“Мамлекеттик бюджеттен каржыланып жаткан маалымат каражаттарына үгүт учурунда партияларды акысыз эфирге чыгарууну сунуштап жатабыз. Себеби акчасы көп партиялар эфирден түшпөй, акчасы жок партиялар такыр көрсөтүлбөй калат. Айрымдар бул мыйзам долбоорунда сөз эркиндигине тыюу салынып жатат деп айтышууда. Бул мыйзам долбоору бардык партияларга бирдей шарт түзүүгө багытталган”, - дейт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан