Депутат "Коопсуз шаар" боюнча: "Радар орнотулган жерлерде инспекторлор турбашы керек"

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча радар орнотулган жерлерде жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери болбошу керек, бирок ал нерсе сакталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол боюнда радарлар орнотулду. Ошол радарлардан 100 метр өтпөй эле жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери өздөрүнүн радарлары менен да турат. Долбоорго ылайык, радар орнотулган жерлерде жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери болбошу керек. "Коопсуз шаар" долбоору иштеп жатат, бирок айрым жерлерде тиешелүү жол белгилери жок же талаштуу болуп орнотулуп калган. Мындан сырткары жол белгилерин кайра карап чыгуу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан