Бүгүн, 16-майда депутат Бакыт Төрөбаев шайлоо тууралуу мыйзам долбоору боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Мыйзам долбоорунда 3төн 5 пайызга чейинки шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга атайын квота 5 депутаттык мандатты бекитип берүү сунушталып жатат. "60-100 миң шайлоочулардын добушун алган партиялардын парламентке кирбей калышы акыйкатсыз болуп калат", - дейт Төрөбаев.
Ошону менен катар эле мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарын мандаттарын алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын добушун 9 пайыздык босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү сунушталып жатат.
Төрөбаев "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты.