Бүгүн, 16-майда депутат Бакыт Төрөбаев шайлоо тууралуу мыйзам долбоору тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Ал шайлоодо административдик ресурстардын колдонулушуна бөгөт коюу механизмдери сунушталып жатканын айтты.
"Коомчулукта парламентке олигархтар, базаркомдор келди деген сөздөр айтылып келет. Жаңы, жаш партияларга парламентке депутат болуп келүүгө шарттарды түзүү үчүн бул мыйзам долбоорун жазып чыктык. Шайлоодо административдик ресурстардын колдонулушуна бөгөт коюу механизмдери сунушталып жатат. Анда аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 26 иш-чараны жүргүзүүсүнө тыюу салынат. Ошонун бир мисалы, эгерде мекеменин жетекчиси өзүнүн кол алдында иштеп жаткан кызматкерге бул партияны шайла деп талап кылып жатса, ал адам мыйзам бузду деп эсептелинип, жоопкерчиликке тартылат", - деди Төрөбаев.