Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 15 жаштагы кыз көз жарган. Бул тууралуу облустук милицияга райондогу Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү арыз менен кайрылганда белгилүү болгон. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБи тастыктады.
Окуя Жети-Өгүз районунун Саруу айылында катталган. 15 жаштагы кыз 6-майда Каракол шаарындагы төрөт үйүндө эркек бала төрөгөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча кыздын ата-энеси да анын кош бойлуу экенин билишкен. Ошондой эле алар тарабынан арыз келип түшкөн эмес. Учурда үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү бул окуя боюнча иштеп жатышат", - деди басма сөз кызматкери.
Жети-Өгүз райондук прокуратурасы социалдык коргоо кызматкерлерине бала менен энени колдоо боюнча өзүнчө план иштеп чыгууну тапшырган.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, кыз өзүнүн тууганынан кош бойлуу болгон.