"Депутаттар эл өкүлдөрү эмес, партиянын өкүлдөрү болуп калышты" дейт саясатчы Адахан Мадумаров

"Адилеттүүлүк үчүн" комитети 2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясын кабыл алды. Анын негизинде комитет президентке жана Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча талаптарын койду. Коюлган 6 талаптын ичинде "шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн 3 айга узартып жана үгүттөрдө дебаттарга басым жасоо" да бар.

Тегерек столго удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө ырчы-чоорчулардын бекер концерттерин уюштуруп, пайдаланууга тыюу салууну демилгеледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Шайлоо өнөктүгүн ырчылардын концертисиз, накта атаандаштыкка негизделген дебаттар аркылуу өткөрүп, 3 айга узартуу сунушталууда. Туура демилгеби?" деген собол салды.

Саясатчы Адахан Мадумаров эки жыл мурун Шайлоо кодексине өзгөртүү, түзөтүүлөр боюнча мыйзам долбоорун жазып, киргизгендерин эскертти.

“Анда ак же көк деген жооп болгон жок. Президент, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, экс-премьер-министрлер менен жолукканда дагы бул маселени айткам. Андан кийин ак же көк деген жооп болгон жок. Бул шайлоонун адилеттүү өтүүсүнө кызыкдар эмеспиз деген ишарат. Элдин каалоосундай шайлоо өткөрүүгө бүгүнкү бийлик кызыкдар эмес. Мыйзам долбоорунда бир жерге эки саат сайын ар кандай партиялар барып, элдин башын айландырбай, бардык маселе дебаттар аркылуу чечилиши керек. Ошондо жогорудагы маселелер өзүнөн-өзү токтойт. Анда акындардын, артисттердин, цирктеги клоундордун дагы кереги жок болот. Алардын тили менен эмес, талапкер өзүнүн тили менен сүйлөп көрсүн. Ошондо алардын акылы, ой-жүгүртүү деңгээлдери кандай экени билинмек. 15тен кем эмес багыттагы маселелер боюнча телетаймаш болуш керек. Ошондо эл таразага салмак. Бүгүнкү келген депутаттар каптын ичине салынган мышык болуп жатпайбы. Эл алар ким экенин билишпейт. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш менен элдин ортосунда байланыш жок. Булар эл өкүлдөрү эмес, партиянын өкүлдөрү. Парламенттик шайлоо бүткөндөн кийин бир телеканал түз эфир уюштурган. Анда “Мына силер колдоп жүргөн жигиттер башка мамлекеттин өкүлү болуп чыкты, силер өзүңөрдү ыңгайсыз сезбейсиңерби?” деген суроого ырчылар “бул биз үчүн бизнес” деп жооп беришти. Бир аз уялып жатабыз деген сөз болгон жок. Ким төлөп берсе ырдай беребиз дейт. Анда алардын адамдык касиети кайда? Акчанын артынан эмес, адамдын артынан түшкөн артисттер деле бар. Мен жолугушууларды атайын ырчыларды чакырып, концерт коюп өткөрбөйм. Жолугушуу бүткөндөн кийин чай да бербейм”, - дейт Мадумаров.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Курманкул Зулушев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиздин пикирин бул шилтеме менен кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан