"Адилеттүүлүк үчүн" комитети 2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясын кабыл алды. Анын негизинде комитет президентке жана Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча талаптарын койду. Коюлган 6 талаптын ичинде "шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн 3 айга узартып жана үгүттөрдө дебаттарга басым жасоо" да бар.
Тегерек столго удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө ырчы-чоорчулардын бекер концерттерин уюштуруп, пайдаланууга тыюу салууну демилгеледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Шайлоо өнөктүгүн ырчылардын концертисиз, накта атаандаштыкка негизделген дебаттар аркылуу өткөрүп, 3 айга узартуу сунушталууда. Туура демилгеби?" деген собол салды. Экс-депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, шайлоо маалында 2 миң, 5 миң сомдон шайлоочулардын добушун сатып алуу партиялардын, саясатчылардын, мамлекетибиздин келечегине кедергисин тийгизип, кадыр-баркын кетирип жатат.
“Бул биздин мамлекетибизге чоң сокку болууда. Ошондуктан акчанын ролун азайтуу үчүн шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн узагыраак кылуу керек. Эгерде мөөнөтү узагыраак болсо партияларга, олигархтарга акча таратуу оорураак болуп калат. Анткени акчаны 3 ай бою таратуу оор да. Эл менен жолугушууда концерттерге тыюу салуу туура. Анын ордуна телеберүүлөрдө, радиоберүүлөрдө дебаттарды көбөйтүү керек. Экономикалык, социалдык, тышкы саясат мамлекеттин келечеги боюнча ар кандай багыттагы дебаттарды уюштуруу зарыл. Партиянын лидерлерин, өкүлдөрүн милдеттүү түрдө дебаттарга катышуусун мажбурлоо шарт. Шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн узартуу, дебаттарды көбөйтүү боюнча идеяны колдойм”, - дейт Жээнбеков.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Курманкул Зулушев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиздин пикирин бул шилтеме менен кирип окуңуз.