"Партиялар акчаны артисттерге эмес, элге пайдалуу иштерди жасоого жумшаса жакшы болмок" дейт депутат Ирина Карамушкина

"Адилеттүүлүк үчүн" комитети 2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясын кабыл алды. Анын негизинде комитет президентке жана Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча талаптарын койду. Коюлган 6 талаптын ичинде "шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн 3 айга узартып жана үгүттөрдө дебаттарга басым жасоо" да бар.

Тегерек столго удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө ырчы-чоорчулардын бекер концерттерин уюштуруп, пайдаланууга тыюу салууну демилгеледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Шайлоо өнөктүгүн ырчылардын концертисиз, накта атаандаштыкка негизделген дебаттар аркылуу өткөрүп, 3 айга узартуу сунушталууда. Туура демилгеби?" деген собол салды. Суроого Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын пикирин билдирди. Айтымында, шайлоо өнөктүгүн 3 айга созууга зарылчылык жок.

"Мен шайлоо процесстерине көп жолу катышып келгем. Бир айда шайлоо иштери көп күчтү алып коёт. Себеби күн сайын аймактарга чыгып, шайлоочулар менен жолугушуулар өтөт. Ошон үчүн үгүт иштерине бир ай жетиштүү. Биздин шайлоочулар партиялардын жана талапкерлердин ишмердүүлүгүн күн сайын көрүүдө, алар боюнча маалыматты интернеттен тапса болот. Шайлоо өнөктүгүн 3 айга созууга зарылчылык жок деп ойлойм.

Концерттерди уюштуруу - бул ар бир талапкердин жана партиянын иши. Аймактарда жашоочулардын көбү партиянын программасы менен таанышуу үчүн эмес, концертти көрүү үчүн келишет. Партиялар акчаны артисттерди чакыруунун ордуна элге пайдалуу иштерди жасоого жумшаса жакшы болмок. Жарандар шайлоолорду партиялардын ушундай иштери үчүн күтүп калышкан. Мисалы, кайсы бир талапкер көчөгө отургучтарды орнотот, башка талапкер жол оңдойт", - деди Карамушкина.

Саясатчылар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Курманкул Зулушев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиздин пикирин бул шилтеме менен кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан