"Адилеттүүлүк үчүн" комитети 2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясын кабыл алды. Анын негизинде комитет президентке жана Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча талаптарын койду. Коюлган 6 талаптын ичинде "шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн 3 айга узартып жана үгүттөрдө дебаттарга басым жасоо" да бар.
Тегерек столго удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө ырчы-чоорчулардын бекер концерттерин уюштуруп, пайдаланууга тыюу салууну демилгеледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Шайлоо өнөктүгүн ырчылардын концертисиз, накта атаандаштыкка негизделген дебаттар аркылуу өткөрүп, 3 айга узартуу сунушталууда. Туура демилгеби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин пикиринде партиялар программасын угузуу үчүн элди топтой албайт.
"Шайлоо үгүттөрүн ырчыларсыз, жалаң дебаттар менен өткөрүү кыйын. Себеби саясий партия өзүнүн 5 жылдык программасын элге жарыялашы керек. Мындан тышкары 5 жыл аралыгында айткан убадаларын аткардыбы же аткарган жокпу отчёт берет.
Бул мыйзам долбоору бүгүнкү күндө комитетке келип түшө элек. Комитетке келип түшкөндө анын терең маанисин түшүнүп, толук кандуу пикиримди айта алам. Негизи мунун жакшы да, жаман да жагы бар. Концерт бул жолугушуу, таанышуу, элди чогултуу механизми. Себеби эл жөн топтолбойт. Ырчылардын катышуусундагы концерттин жүрүшүндө эл партиянын жалпы программасы менен таанышат жана ал аркылуу калкка жайылтылат. Бул мыйзамга каршы келбейт, бир жагынан бул ырчылардын каражат табуу булагы да. Экинчиден, шылтоо менен эл концерт көрүп калат.
Ал эми дебат - бул саясий көз караштардын чагылышы. Партиялар программасынын туура же туура эместигин далилдеп бере алабы же жокпу, элди ынандыра алабы ал үчүн сөзсүз түрдө дебаттар керек. Эгер шайлоочулар дебат жолу менен партияны тандаса алардын чыныгы жүзүн көрүшөт", - деди Зулушев.
Саясатчылар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиздин пикирин бул шилтеме менен кирип окуңуз.