"Адилеттүүлүк үчүн" комитети 2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясын кабыл алды. Анын негизинде комитет президентке жана Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча талаптарын койду. Коюлган 6 талаптын ичинде "шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн 3 айга узартып жана үгүттөрдө дебаттарга басым жасоо" да бар.
Тегерек столго удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө ырчы-чоорчулардын бекер концерттерин уюштуруп, пайдаланууга тыюу салууну демилгеледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Шайлоо өнөктүгүн ырчылардын концертисиз, накта атаандаштыкка негизделген дебаттар аркылуу өткөрүп, 3 айга узартуу сунушталууда. Туура демилгеби?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, шайлоо системин өзгөртүү керек.
“Партиялык тизме менен боло турган шайлоо Кыргыз мамлекетинин шартына туура келбей турган нерсе экени көрүндү. Шайлоо кодекси Конституциянын өзүнө да каршы келет. Ошондуктан мындай шайлоону өткөргөн болбойт. Партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү Өмүрбек Текебаевдин ойлоп чыгарганы. Ал өмүр бою партиясы менен бийликте отурам деп ойлогон. Бул жаңы, акчасы жок адамдардын шайлоого катышуусуна тоскоолдук кылып, адамдын укугун буза турган норма болуп саналат. Шайлоо системин өзгөртүү жөнүндө коюлуп жаткан талаптар туура. Бирок ошону ылайыктуу кылып тууралап алып келиш керек. Колунда акчасы жок адамдар шайлануу укугунан ажыраган. Ошондой эле мурда соттолгондор шайлоого талапкер болбосун деген сунуштар айтылып жатат. Бул бийликтин атайын жасап жаткан нерсеси. Эптеп шылтоолоп бирөөнү бир жыл шарттуу түрдө соттотуп шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатат. Ырчылардын концертине тыюу салуу боюнча айта турган болсом, ал маселени кандай кааласа ошондой чечип алышсын. Бирок бул ырчылардын бизнеси экен деп тыюу салып койгон туура эмес”, - дейт Чолпонбаев.
Саясатчылар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Курманкул Зулушев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиздин пикирин бул шилтеме менен кирип окуңуз.