Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз: "Концерттер шайлоочуларды жыйноо үчүн эле колдонулуп калган"

"Адилеттүүлүк үчүн" комитети 2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясын кабыл алды. Анын негизинде комитет президентке жана Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча талаптарын койду. Коюлган 6 талаптын ичинде "шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн 3 айга узартып жана үгүттөрдө дебаттарга басым жасоо" да бар.

Тегерек столго удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө ырчы-чоорчулардын бекер концерттерин уюштуруп, пайдаланууга тыюу салууну демилгеледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Шайлоо өнөктүгүн ырчылардын концертисиз, накта атаандаштыкка негизделген дебаттар аркылуу өткөрүп, 3 айга узартуу сунушталууда. Туура демилгеби?" деген собол салды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз шайлоо өнөктүгүн 3 айга узартуу туура деп эсептейт.

"Тилекке каршы, азыркы шайлоо мыйзамдарына ылайык үгүт иштеринин мөөнөтү бир ай эле болуп калган. Бирок дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп жаткандай, шайлоо башталгандан тарта же талапкерлер арызын бергенден тарта дебаттарга катышса, реалдуу талапкерлерди жана партияларды аныктаганга мүмкүнчүлүк берет. Концерттер кошумча жардам берчү механизм болуп, элди жыйноо үчүн эле колдонулуп калган. Кээ бир талапкерлердин мындай иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми Конституцияда "талапкерлердин теңдиги" деген принцип бар да. Ошол себептен булар концерттерди уюштурбай эле, чыныгы талапкерлер экенин дебаттарда көрсөтсө, муну туура деп эсептейм. Ошондо сапаттуу талапкерлерди тандаса болот", - деди Азиз.

Саясатчылар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Курманкул Зулушев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикирин бул шилтеме менен кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан