Кыргыз-Өзбек делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча талкуулашты

Бишкек шаарында Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу кечээ, 16-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин талаада биргелешип изилдөө жүргүзүү тууралуу макулдашты. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Өзбекстандын аймагында өтөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talant87
2019-05-17 12:22:51
Алабука Падек элдин улушун такталбан жер деп жатат Эл ал жерге эгин эгип жургон
+1
Ysakov_Nur
2019-05-17 19:42:25
Суйлошуулор Ташкетте же Бишкекте отпошу керек.
Чек ара маселеси болуп жаткандан кийин демек суйлошуулор ошол талаштуу жер тилкелерде болушу керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан