"Республика-Ата Журттун" лидери өлкөнүн энергетика тармагы учурда канчалык кейиштүү абалда экенин айтып берди

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын" бүгүнкү карызы 100 миллиард сомдон ашык болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынын отурумунда фракция лидери Жыргалбек Турускулов билдирди.

"Бул ишкананын ачылганына 3 жыл 5 ай болуптур. Ал ачылганда жетекчилердин ою башка болчу. Анын жетекчилери келип жолукканда "жакшы болот" деп убадалашкан болчу. Тилекке каршы, андай жыйынтыкты көрө албай жатабыз. Бүгүнкү карызы 100 миллиард сомдон ашык болууда.

Энергокомпаниялардын жоготуулары 2 миллиард 100 миллион сомду түздү. Энергетикалык холдинг ачылганда анын бюджети 74 миллион сом деп бекитилген. Электр станцияларынын да кирешеси 3 миллиард 600 миллион сомго кирешеси түшүп кеткен.

Мындан сырткары, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү да быйыл өтө төмөн. Былтыр анын көлөмү 19 миллиард куб метрди түзсө, быйыл 15 миллиард куб метрди түзүүдө. Бул быйыл суу аз боло тургандыгынан кабар берет", - деди Турускулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан