Депутаттар премьер-министрдин бажасынын аракеттери боюнча кылмыш иши козголушу керектигин айтышты

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айтты.

Депутат Мирлан Жээнчороев Акылбек Жамангуловдун Иманкадыр Рысалиев тууралуу айтканы боюнча кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурадан талап кылды.

Ал эми депутат Жанар Акаев мындай маселелерди убагында ачык айтып чыккан туура экенин белгиледи. "КТ Мобайлды" түзүү идеясы туура, бирок аны бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштетпешибиз керек. Азыркы учурда кыргыз коому "бажагейт, кудагейттерге" өтө каршы, кыжырланып карап турат. Иманкадыр Рысалиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген бажасы болуп калды. Биз ЕККУга кат жазып, анын "Ачык өкмөт" долбоорундагы ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылышыбыз керек. "КТ Мобайлдын” жетекчилери унчукпай, Рысалиевдин уулу Германиядан окуусун бүтүп келишин күтүп отурушту. Биз жаңы Айдар, Максимдердин чыгышына жол бербейбиз. 24 жаштагы балдарга бүтүндөй коррупциялык схеманы түзүп бербейбиз. Унчукпай калбайбыз, керек болсо өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө чейин барабыз. Бул маселе боюнча прокуратура карап чыгышы шарт", - деди Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан