Күйөөсү, аялы, токолу... Үч бурчтук сүйүү же токолдун курмандыктары... Мунун баары "Токолдун азабы" аталышындагы жүрөк сырында чагылдырылат.
"Ошол күндөрү мен анын аркасынан байкап жүрдүм. “Бул жерде мени жыргата турган деле акча болчудай эмес. Эртең тиги командировкага кетет” деп сүйлөшүп жатканын кулагым чалды. Эртеси жуунуп тазаланып аябай жасанып жатканын байкадым. Телефон чалып инимди аркасынан изилдешин, байкашын сурандым.
Көп өтпөй иним телефон чалып, токолду башка эркек менен көргөнүн айтып, телефонума видео жиберди. Ал жерде токол бир эркектин машинасына түшүп бара жатканы тартылган. Инимдин айтуусунда, экөө бир үйгө кирип кетишиптир. Баарын күтсөм да бул нерсени күткөн эмесмин.
Таң атышын күтүп отуруп Асылбек үйгө келгенде болгон окуяны айтып бердим. Ишенген жок.
– Жаныңды жебечи, -деди мага ызырына.
– Ишенбесең өзүң бил. Мүйүз тагып алып жүрө бер, - дедим да чыгып кеттим.
Тиги экөө бакырып-өкүрүп урушуп жаткандарын кулагым чалды, бирок көңүл бурбадым. Бул арада мен өз ишимди баштап жаткан элем. Көрсө, менин да колумдан бир нерсе келет тура, бул ой мага күч-кубат берди. Кайрадан театрга барып иштей баштадым. Ролдор сунуштала баштады, менин экинчи жашоом башталды"...
Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.