"КТ Мобайл" компаниясында эң көп айлыкты премьер-министрдин бажасынын баласы алган" дейт Эмил Акматов

"КТ Мобайл" компаниясында эң көп айлыкты премьер-министрдин бажасынын баласы Эрназар Иманкадыр уулу алган. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште аталган компания боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда "Кыргызтелекомдун" төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Акматов билдирди.

Анын айтымында, "КТ Мобайл" компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу айына 157 миң сом айлык маяна алган.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов ал канча ай мындай айлык маяна алып иштегенин сурады. Акматов билдиргендей, Эрназар Иманкадыр уулу 157 миң сом айлык алып 4 ай иштеген.

Парламентте "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан