Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү. "Мегакомдун" директору Акылбек Жамангулов премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев өкмөттө 3-4 жолу, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде бир жолу чогулуш өткөргөнүн айтты.
Депутат Алмазбек Баатырбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевден "Сиз Рысалиевдин жыйын өткөрүшүнө кантип жол бердиңиз?" деп сурады.
Шаршембиев жыйынды Рысалиев өткөрбөгөнүн айтып, ал өзү келгенин билдирди. "Баласы Эрназар Иманкадыр уулу аталган компанияда иштеген үчүн жыйынга келген. Жыйынды Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети уюштурган", - деди Шаршембаев.
Парламентте "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирген.