Ош ШИИБи акыркы 1 жыл 4 ай аралыгында көмүскөдө иш алып барган 32 сойкукананы тапкан. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4 ай аралыгында жашыруун сойкулук жасаганга көмөктөшкөн 10 жай табылган. Алардын арасында сауналар жана мейманканалар бар. Бул факты боюнча жазык кодексинин 166-берене "сойкулук кылууга тартуу", 167-берене "сойкулукка көмөктөшүү" менен тергөө иштери жүргүзүлгөн. Азыркы тапта тергөө өндүрүшүндө дагы 4 кылмыш иши иликтенүүдө.
"Айрым сауна, мейманканалардын кызматкерлери жазадан акча менен кутулушуп, мыйзамсыз иштерин жүргүзүүнү уланта беришкендиги бир нече ирет аныкталган. Мисалы,4 ай аралыгында эле "Ак-шоола" саунасында 6, "Евразия" саунасында 5, "Капитал" саунасында 6 жолу сойкукана уюштурганы аныкталган. Мындан улам аларга тергөө иштери башталып, соттук кароого жиберилген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул багытта мыйзамдуу укуктарын пайдаланып, көмүскө сойкулук жасоочу жайларды уюштурган адамдарга каршы ыкчам иликтөө иштерин уланта бермекчи. Бул багытта жарандардан дагы тиешелүү маалыматтарды жана колдоо күтөбүз", - деп билдирет басма сөз катчы.