Монополияга каршы агенттик "Яндекс Такси Б.В." компаниясынын жарнамалык материалдарын карап чыгып, анда "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын ченемдери бузулганын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну жүзөгө ашыруучу автотранспорттордо жайылтылган "Яндекс Такси" маалымат кызматынын жарнамасы керектөөчүлөрүн атайын адаштыруу үчүн пайдаланылган деп тапты.
Агенттик аталган жарнамада керектөөчү туура кабыл алуусу үчүн жеткиликтүү маалымат жок деп эсептейт. "Яндекс Такси Б.В." компаниясынын өзүнүн өнөктөштөрүнүн автотранспортторун "Яндекс Такси" деп бренддештирүү аркылуу жарнамалоосу керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүдө. Компания түздөн-түз жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын аткарбаганын жана жүргүнчүлөрдү ташуу айдыңында “Яндекс Такси” аталышындагы такси кызматынын жоктугун эске алуу менен, аталган компаниянын жүргүнчү ташыган автотранспорттордо жайылтылган жарнамасы талаптагыдай эмес деп аныкталды.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен эскертүү берилип, мыйзам бузуу фактысына карата административдик айып пул салуу боюнча иш өндүрүшкө алынды", - деп айтылат маалыматта.