"Ачык Өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетти.
Бул боюнча ал SUPER.KG порталына "отставкага кетүү боюнча арыз жазууга акыркы резонанстуу жалган маалыматтар себеп болду" деп билдирди.
17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.
Ал эми Рысалиев "Мегакомдун" башчысынын айтканы жалган жана чагымчылдык" деген эле.