Немис Бундеслигасынын 34-турунун алкагында мюнхендик "Бавария" франкфурттук "Айнтрахт" менен кез келди. Беттеш 5:1 эсеби менен аяктап, "Бавария" жетинчи ирет катары менен Германиянын чемпиону болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Мюнхендик команданын оюнчулары Кингсли Коман, Ренату Саншеш, Франк Рибери, Арьен Роббен жана Давид Алаба жеңишти камсыздай алышты. Ал эми коноктордун жалгыз голун Себастьен Аллер киргизди.
"Бавария" муну менен 78 упай топтой алды. Ал эми "Айнтрахт" 54 упай менен сезондо 7-орунду ээледи.
Мюнхендик клуб Бундеслиганын тарыхында көп жолу жеңишти багынткан лидер болуп саналат. Андан кийинки орунда "Нюрнберг" болсо, жеңиштердин саны боюнча үчүнчү орунда дортмунддук "Боруссия" бар.