18-майда мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаевдин атасы Табылды Оторбаев 75 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
Анын айтымында, атасынын сөөгү 21-майда Ат-Башы районунун Казыбек айылында жерге берилет.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Табылды Оторбаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.