Бүгүн депутаттар Жалал-Абаддагы жана Сузактагы ооруканалардын жана мектептердин абалын талкуулашат

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө жыйынында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун билим берүү мекемелеринин абалы жана көйгөйлөрү тууралуу маалымат угулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыйынга баяндамачы катары Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана Сузак районунун акими Эрмек Омошев чакырылган.

Көчмө отурумунда Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагындагы медициналык жана жалпы билим берүү мекемелеринин абалы жана көйгөйлөрү, республикалык бюджеттен курулуп жаткан курулуштар жана алардын учурдагы каржылануусу тууралуу маселе каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан