Бүгүн Бишкекте кары адамдарга жардам берүүгө чакырган "Жүрөктөн жүрөккө" иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө атайын жарманке уюштурулат. Анда кары адамдар өз колу менен жасаган ар кандай кол эмгектерин сатыкка коюп кошумча киреше таба алышат.
"Жарманкеден сырткары шахмат боюнча турнир, китеп жарманкеси жана түрдүү мастер-класстар өткөрүлөт. Элге кант диабети оорусу тууралуу маалымат берилип, катышуучулар салмагын жана кан басымын текшере алышат", - деп жазылат маалыматта.
Өлкөдө улгайган адамдардын саны 448 600дөн ашык, 238 миңи аялдар. Кыргыз өлкөсүндө улгайган жарандар жөнүндө мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан тарта улгайган деп эсептелишет.
Иш-чара эмен багындагы Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт.