Премьер-министрдин бажасы: "Мен 6 ай иштеп, айына 950 евродон алчумун"

"Менин айлыгым 5 миң евро эмес, 950 евро болгон" деп SUPER.KG порталына "Ачык Өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев билдирди.

Анын айтымында, ал бул кызматта 6 ай иштеген. "Мен ЕККУ (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму) менен түзүлгөн келишимге ылайык 950 евро айлык алчумун. Январь айынан тарта кызматтан кеткенге чейин акысыз иштегем. Кечээ кызматтан кеткем. Отставкага кетүүмө акыркы фейк маалыматтар себеп болду. Бул эл аралык уюмга өкмөттүн эч кандай тиешеси жок", - деди Рысалиев.

Бүгүн айрым депутаттар "Ачык Өкмөттүн" жетекчисинин айлыгы 5 миң евро экенин айтты.

17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.

Ал эми Рысалиев "Мегакомдун" башчысынын айтканы жалган жана чагымчылдык" деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан