18-19-май күндөрү Ош облусунун аймагындагы бир катар райондордо жамгыр жаап, сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Кара-Суу районунда 18-май күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Папан айыл аймагынын Алчалуу айылынын Жаңы-Айыл тилкесинде 6 турак үйдүн короолорун, 2 турак үйдүн жер төлөсүн, 300 метр ички чарбалык унаа жолду жана "Алчалуу" каналын 100 метр аралыгын суу каптаган. 19-майда саат 17:00 чамасында жамгырдан кийин жүргөн сел Ош-Папан-Кожо-Келең унаа жолунун 12-13-чакырым аралыктарын кум шагылга толтуруп, жергиликтүү тургундардын 15 баш бодо малын агызып кеткен. Ошондой эле Папан суу сактагычынын кампасына сел суулары кирген.
Ноокат районунда 18-майда саат 20:00 чамасында Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Чалчык тилкесинде сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолунун 3-4 чакырым аралыгын жараксыз абалга келтирген. Мындан сырткары Чалчык тилкесинде жашаган 3 турак үйдүн короосун сел суулары каптаган. 19-майга караган түнү саат 00:00дө катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылында жайгашкан сел өтүүчү каналдан ашып 1 турак үйдүн короосуна кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады.