Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда "Газпром Кыргызстан" компаниясынын жетекчилиги өлкөдө жасаган иштери тууралуу баяндама жасайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында аталган ишкананын учурдагы иши жана Кыргыз Республикасынын газ менен жабдуунун жана газдаштыруунун Генералдык схемасынын алкагында 2019-жылга Инвестициялык программанын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берилет.
Баяндаманы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев жасашат.