"Кош демилгечи деген түшүнүк жок" деп бүгүн, 21-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Комитет жыйынында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Референдум жөнүндө" Конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
"Мыйзам долбоорунун бир эле автору болот. Акыркы учурда ким мыйзам жазды деп издеп жатабыз? Мисалы, мыйзам долбоору жазылса, эртең 10 депутат кош болуп кошулуп алса болобу? Мыйзамды жазган киши баяндамачы болушу керек. Ал ага жооптуу болот. Кош демилгечи деген нерсе барбы? Эгер жок болсо, жок нерсени бар кылбайлы", - деди Бокоев.
Буга мыйзам долбоорунун баяндамачысы депутат Аида Касымалиева кош демилгечи деген түшүнүк жок экенин билдирди.