"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" ипотекалык программасына 500 миллион сом бөлүндү

"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашырып жаткан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн өкмөттө ипотекалык программа боюнча кеңешме өттү. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул программа ишке киргенден тартып өкмөт тарабынан аны каржылоого 4,8 миллиарддан ашуун сом бөлүнгөнүн айтты. Ошондой эле ал ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр азыркы мезгилде 12-14 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөгөнүн билдирди.

"Бүгүн биз ипотекалык насыяны каржылоого 500 миллион сом бөлүп жатабыз. Өкмөт биздин жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча күч-аракеттерди дайыма колдоп келет жана муну өз ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Бирок мүмкүнчүлүктөрдү жана калкты камтууну кеңейтүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен тышкары кошумча ресурстарды тартуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүсү зарыл.

Миңдеген жарандар турак жай алуу жана үй шарттарын жакшыртуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат. Биз ипотеканы жарандарыбыз үчүн мындан да жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга тийишпиз. Себеби алар али да кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6 пайызга чейин кыскартуу тапшырмасы коюлган, анткени учурдагы шарттар боюнча төлөө бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн оор болуп турат. Күзгө чейин өкмөт бул максатка жетет", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Мамлекеттик ипотекалык компания жарандардын ишеничин толук кандуу актоо жана аларды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо үчүн өкмөттүн саясатын так жана толук түрдө ишке ашырууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kairat.96
2019-05-21 15:16:07
Ушул тууралуу кенениреек маалымат бериниздерчи сураныч,супер алдын ала Рахмат.
0
admin_portal
2019-05-21 15:32:21
Kairat.96, саламатсызбы! Бул тууралуу дагы маалымат жазылат, Соңку кабарды карап турсаңыз болот.
0
tynar92kg
2019-05-21 15:41:43
Админ кимдер ала алат ипотеканы? Кайсыл Жака кайрылыш керек! Ушул тууралуу жазсаныздар сураныч.
0
admin_portal
2019-05-21 17:30:24
tynar92kg, саламатсызбы! https://www.super.kg/kabar/news/272313/
0
Apyn8793
2019-05-21 15:47:25
Жээнбеков эмес, тийиштуу кызматкерлерге сиз коюшунуз керек мындай талапты Мухаммедкалый мырза.
+1
Apyn8793
2019-05-21 16:00:56
Премьер-министр иштен кетет болду бекен бажасынын кылыгы учун же кетпейт болду бекен?
+2
Altyn2017
2019-05-21 16:44:54
Apyn8793,Премьер Министр кызматтан кетеби же кетпейби аны Соке брат чечет.
0
Umakg
2019-05-21 16:07:43
Менда уй алайын дегем
0
Umakg
2019-05-21 16:08:22
Ипотекага айлыка
0
muni.98-98
2019-05-21 19:24:04
Кайсыл Банктар аркылуу таратылат экен Админ сураныч маалымат берип коюнуздарчы
0
admin_portal
2019-05-22 11:28:18
muni.98-98, саламатсызбы! Өлкөдөгү дээрлик бардык банктар "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашырууга өнөктөшүүдө.
https://www.super.kg/kabar/news/272313/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан