Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар тобу тарабынан демилгеленген "Ысык-Көл" биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралууда.
Баяндамачы депутат Экмат Байбакпаев мыйзам долбоору тууралуу маалымат берүүдө.
"Ысык-Көлдө бизнесмендер өз чөнтөгүн толтурат, биз күнгө какталып эс алабыз. Ал эми тазалоо иштери боюнча абал коркунучтуу. Эгер ушул жол менен кете берсек, Ысык-Көлдүн келечеги коркунучта. Мында адамдын таасири чоң. Эгер бул абалды колго албасак, жакынкы жылдары суунун үстүн желим бөтөлкө менен баштыктар каптайт. Мындан сырткары жээкке жакын өскөн өсүмдүктөргө химиялык каражаттарды колдонуу суунун булганышына алып келүүдө", - деди депутат.