Сауд Арабиянын падышасы президент Сооронбай Жээнбековду Меккеге чакырды

Бүгүн, 21-майда президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, президент менен элчинин ортосунда элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи 31-майда Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды. Сооронбай Жээнбеков аталган саммитке катышарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан