Депутат: "Биз экологиялык таза өлкө эмеспиз, муну моюнга алуу керек"

"Биз экологиялык таза өлкө эмеспиз, аны моюнга алуу керек". Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Комитет жыйынында депутаттар тобу тарабынан демилгеленген "Ысык-Көл" биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдалоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

"Химиялык каражаттар боюнча сөз кыла турган болсок, биз дагы деле экологиялык таза азык-түлүктөрдү чыгарабыз деп ойлойбуз. А бирок эл аралык стандартка жооп бербейбиз. Биз экологиялык таза өлкө эмеспиз, муну моюнга алуу керек.

Желим баштыктарга тыюу салып, аны эмне менен алмаштырабыз? Мисалы, кагаз баштыктарды чыгара турган завод же башка жай жок. Тыюу саларын салабыз, бирок анан кандай болот? Мыйзам долбоорунда көп нерсеге тыюу салыныптыр, бирок бизде баары тааныш-билиш менен бүтөрү белгилүү. Жоопкерчиликти жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берүү керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан