Махабат Мавлянова анын пикирине "пошла на*уй" деген мэриянын кызматкери тууралуу оюн билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова буга чейин социалдык тармактагы баракчасына "Турмушка чыгып жаткан кыздар көкүрөгү, далысы ачык, чыпташкан көйнөктөрдү кийбесе" деген пикирин жазып калтырган.

Анын бул чакырыгы коомдун талкуусуна алынып, чын эле ачык кийим кийген колукту кайын журтун, улуу кишилерди ыңгайсыз абалда калтырат дегендер болду. Ошол эле учурда эл өкүлү кыздардын, келиндердин эркиндигине, тандоосуна тыюу салбасын дегендер четтен чыкты. Бүгүн, 21-майда депутат айым өзүнүн пикирин видеокайрылуу аркылуу айтып, анын тегерегинде орун алган суроолорго жооп берди.

"Ооба, светтик өлкөдө жашайбыз. Бирок кыргыз элинин улуттук каада салтын, баалуулуктарын, маданиятын сактап калуу ар бир муундун милдети деп билем.

Бул мыйзам долбоору эмес, жаран катары айткан пикирим, кеңешим", - деди ал.

Ошондой эле анын бул пикирине "Пошла на*уй" деген билдирүүнү жазган мэриянын өкүлү Гуля Алманбетова тууралуу да оюн айтты.

"Эгер ал мэриянын ишине өзүнүн салымын кошуп жаткан, ишин мыкты билген кызматкер болсо мындай жоругу үчүн кызматынан кетирбей эле койсо болот. Ал эмоцияга алдырып койду деп ойлойм", - деди Мавлянова.

"Колуктулар, ачык көйнөк кийбегиле" деген сөз чуу жаратты
Депутат "ачык, чыпташкан көйнөк кийбегиле" деген чакырыгын түшүндүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ka2sr1
2019-05-21 18:33:43
Кыргызстан Аравия, Иран, Пакистан окшоп исламдашкан диний фанатизмдин мамлекети эмес. Эртен Мавляндын кийип жургон кийимине деле далай сын тага берсе болот. Мавланова андан коро социалдык маселеге конул бурсун. Азыр жапайы фанаттар абдан коп. Мавляндын суйлогон созун колдоп кочого террор уюштурабыз дегендер чыгат. Корунгон кыздарга асылып дегендей.
-24
Mister-X
2019-05-22 00:38:12
Ka2sr1,Мавлянова дин жонундо эч нерсе айткан жок.Кыргыздын салтына туура келбейт.Сразу эле динге шылтоолойсунар.Тойдо жарым жыланач кийинбесин дегендин эмнеси жаман?Америкада ырчы,модель,актрисаларды деле жарым жыланач кийингенин сындап жатат го.Жыланач кийине бер,бул тема сага эмес.
+16
abdyldaeva.a.97a
2019-05-23 18:03:29
Ka2sr1, прям современный болуп кетпедиви , аравия дубай менен кыргызстанды салыштырбай эле койчу , алда канча онуккон жер , сен жамандаган шейхтер кедей кембагалдарга условиясы менен 200-300 уй салып беришти жакында эле, бул биринчилери эмес, акыркылары да эмес, бетин бет эмей эле бетон экен. кыргызсынбы озу , качан эле келиндер кайната -кайненесинин алдында тошунун жарымы чыгып, ХХХХ жарымы чыгып кийинип журду эл
0
karona12
2019-05-21 18:47:33
Мериянын жардамчысына мен да кошулам.Демакратиялуу олко дейт бизди,ким кандай койнок кийет кандай иши бар? озунун кийген кийимдерин дагы кордук,биринчи озу жабык кийип алсын.Чеке жылытаар бир иш кылсын элдин кийимине асылбай.
-22
Kalnazarov89
2019-05-21 18:53:09
Туура айтып тууганына жакпайсын деген ушу да.кийбегиле ачык,чумкон деп да айтпайм
+16
erkinali858585
2019-05-21 19:04:26
Бир кайн журттун алдында жабыгыраак болгону жакшыго дейм, каалагандар жылаңач чыксын шымын башына кийип
+16
Mirlan27011987
2019-05-21 19:13:34
Мавлянова эжеге бир суроо. Азыр кайын журтунан, куйосунон кордук коргон кыз келиндер толтура. Ошол маселени козгосо болмок. Азыр кокурогун жаап, далысын жапкан кыздарды деле эч ким баалап, барктап кеткен жери жок. Кээ бир Кыздардын вкусу ошондой. О вкусах не спорят. Мага ошондой кооз кийинген фигуралуу кыздар жагат.
+1
Avrora2017
2019-05-22 00:03:30
Mirlan27011987,туура
-7
Mister-X
2019-05-22 00:39:54
Mirlan27011987,Кооздук,сулуулук жыланач дене менен ченелип калганбы?
+7
abdyldaeva.a.97a
2019-05-23 18:05:43
Mirlan27011987, эркек болчу , ким айтты кооз кийим ачык болуш керек деп, карындаштарынды ошентип кийин сага окшогондор чыгып калаар убактылууга
0
filis
2019-05-21 20:48:08
Минтип отурушса дагы бир нерсени тануулап башташат. Хиджаб орон, сакал остур, мечитке барып сыйын, молдонун айтканы менен бол, алыс отур, жакын баспа, тигини караба, бийлебе, ырдаба ж.б. толтура. Оздору кыйратып салышкансып.
-12
Asyl10
2019-05-22 15:19:47
Негизи туура эле кайын-журттун алдында ХХХХ корсотпой более скромнее болуу керек.Билбейм,менимче, келинчектер тойдо норма эле кийинип атышат го. Ото деле ачык эмес Чыгышка же Россияга окшоп. Ото деле ачык эмес,дурус эле бизде.Депутаттар нике койнокко аралашпай эле андан маанилууроок: чек ара, жумушсуздук, ички,тышкы карыз боюнча баш оорутушса жакшы болмок.Же биздин телегейибиз тегиз болуп,башка маселе жокпу ЖК баш оорута турган?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан