Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын туугандары кимдер? Алар кандай кызматтарды аркалашат?

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын туугандарынын ээлеген кызмат ордулары тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчынын бир тууганы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүлүүсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын Дары-дармектер жана медициналык техникалар департаментинин башчысы болсо, анын күйөө баласы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасында жетекчилик кызматтардын бирин аркалайт.

Калыйнур Абылгазиев - жубайы менен биргеликте пенсионер. Анын уулу соода-сатык тармагында, бир кызы тигүүчү, экинчи кызы үй кожойкеси.

Соодонбек Абылгазиев - журналист, акын-жазуучу. Учурда жеке фирмалардын биринде кароолчу болуп иштейт. Жубайы мугалим. Улуу кызы жеке бизнес менен алектенет, кичүүсү мектеп окуучусу. Уулу студент, энергетика тармагында билим алат.

Айнура Дүйшекеева - пенсионер. Жолдошу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. Кочкор районунда жашайт.

Жылдыз Абылгазиева - мугалим. Уулдары курулуш тармагында иштешет. Кызы үй кожойкеси.

Азиз Абылгазиев - Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүлүүсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын Дары-дармектер жана медициналык техникалар департаментинин башчысы. Жубайы дарыгер. Уулдары банк кызматкерлери. Кызы каржылоо тармагында, анын жолдошу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары.

Кундуз Абылгазиева - шаардык ооруканалардын биринде улук медайым болуп эмгектенет. Уулдары муниципалдык мекемелерде, жеке компанияларды иштешет.

Премьер-министрдин атасы Дүйшеке Абылгазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 2-топтогу майып. Ал тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак. Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы Жеңилдик Абылгазиева үй кожойкеси. Учурда өкмөт башчы менен чогуу жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
take19
2019-05-21 21:32:38
Премьердин тууганы болсо эле эмне депутат болушу керекпи. Кароолчу болсо болгондур. Пенсия жашындагы киши болсо керек да.
+5
Adi010891
2019-05-21 22:37:26
Асылбек деген иниси авторынок жактагы кафель заводто директор экенин унутуп калганго
+8
Mambetali
2019-05-22 12:27:47
Adi010891, Ал иниси өгөй болсо керекда
-2
Adi010891
2019-05-22 16:13:17
Mambetali, бир тууган агасынын баласы болот. Б
0
Farra16gsin
2019-05-22 07:37:37
Урматтуу өкмөттөгүлөр жана депутаттар премер министрге жеңилдик деп айтпагыла ато апасынын аты Жеңилдик экен
+3
Jaznura
2019-05-22 10:36:52
Эми Абылгазиев силерге жагуу учун туугандарынан безип кетиши керекпи. Же силердин тууганынар жокпу
+3
Erik2018
2019-05-22 10:39:30
Премердин туугандарынын баарын жөнөкөй кызматтарда иштейт экен Туура кылыптыр такыр эле туугандарын кызматка койбош керек. Ар бири өз жолу менен кетсе элге журтка кепке калбайт.
-2
filis
2019-05-22 10:58:29
Жээнбековтор дагы тууган уруктарын жоготсун.
0
Erik2018
2019-05-22 16:38:12
filis,Жээнбековдор мурунтан бери эле чоң кызматта иштеп келишкен.
-1
Dembele84
2019-05-22 15:54:58
Блин ушинтип бири бирин чукулап,место талашып,бирин иштен алып журуп эле убакыт ото берет окшойт.Качан бир алдыга жылуу деген болот айланайындар!Оздору кайдагы хоп боло деген ХХХХ алып келип алып,эми алардан толк чыкпай кайрадан алмаштырып отуруп убакыт кетип жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан