Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "КТ Мобайл" маселеси кайрадан көтөрүлдү. Эл өкүлдөрү "Мегакомдун" директору Акылбек Жамангулов мыйзамсыз фактыларды ачыктагандан бери ага карата коркутуулар болуп жатканын билдиришти.
Вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн парламенттеги өкүлү Аширбек Темирбаевге кайрылып, төмөнкүнү билдирди:
"Өткөн жумада "КТ Мобайл" боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, жумушу башталган. Анын жыйынтыктарын күтүп туралы. Мурдагы кесиптешибиз Акылбек Жамангулов айткан фактылар боюнча күч органдарынын кызматкерлери жана башка адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатыптыр. Анын аркасы менен канча жетекчилер иштен кетип жатат".
Бул маселе боюнча депутат Бакыт Төрөбаев: "Жамангулов - мамлекеттик мекеменин жетекчиси. Ал көп айлык алып жаткан адамды ачыкка чыгарды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны коркутуп жатканы туура эмес, бекем туралы", - деди.
Буга чейин 17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.
Ал эми Рысалиев "Мегакомдун" башчысынын айтканы жалган жана чагымчылдык" деген эле.