Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков депутат Каныбек Иманалиевди өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктады. Жумабеков 11-майда туулган күнүн белгилеген Иманалиевди 50 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага китептерди белекке берди.
Төрагага депутат Ирина Карамушкина парламенттин жыйынында туулган күнү менен куттуктабаганын эскертти.
"Мен таарынбайм, ал өздүк майрам. Бирок мен 55 жашка толгондо куттуктаган эмессиз. Бул орус депутатка болгон мамилеби? Ооба, сиз мага Чыңгыз Айтматовдун китептерин берип жибериптирсиз, бирок мен кыргызча окубайм, ал китептерди бир мектепке белекке бердим. Мага ушундай көңүл кош мамиле жасалчу болду же "бул Карамушкина ушундай, ага боло берет" дегендей мамилеби?" - деп нааразычылыгын билдирди.