Өлкөдө ашпозчулук, тигүүчүлүк жана курулуш тармагындагы адистерге суроо-талап көп. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин башчысы Таалайбек Чолпонкулов билдирди.
Мындан тышкары ал газ-электр ширетүүчүлөр оңой иш таба аларын айтты.
Депутат Калдарбек Баймуратов турмуштун азабынан же өзүнүн каалоосу менен кесиптик билим алам деген жарандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү керектигин айтты. "Мисалы, ширетүүчүлөрдү 4 айдын ичинде даярдап чыгып жатасыздар, ал убакыт аздык кылбайбы?" деп сурады депутат.
Буга Чолпонкулов: "Бизде негизинен стандарттык программа 10 айга эсептелген. Студенттер окуу учурунда 50-60 пайыз убакыт өндүрүштүк практика өтөп, 1-2 ай теорияны окушат. Мисалы, курулуш жүрүп жаткан объекттерде, кафе-ресторандарда практика өтөшөт", - деп жооп берди.
Депутат "мисалы, Германияда студенттер 4 күн практика, 2 күн окууга арнайт экен. Ошондой нерселерден үлгү алсаңыздар" деп сунуштады.
Жыйында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралууда.