1985-жылы туулган кыргыз келин Орусияда май айынын башында жансыз бала төрөгөн. Андан кийин 4 операцияны башынан өткөргөн келин каза болду. Анын жансыз денеси бүгүн Ошко алып келинди.
Орусияда жашаган Кыргыз жараны Белек Садировдун айтымында, ымыркай 8-9 айлык болгон. Ал мусулмандардын көрүстөнүнө жерге берилген.
"Бала энесинин ичинде өлүп калган экен. Бирок өзү билбей кан кеткенде гана ооруканага барыптыр. Операция жолу менен баланы алышкан. Энесинин абалы оорлошуп, 3 литр кан куюшуптур. Андан кийин эле ашказанында жара бар экени билинип, дарыгерлер ашказанын алып салышты. Анда да көп кан жоготту", - деди ал.
Маркумдун артында бир кыз, бир уулу калды. Жолдошу аны жерге берүү үчүн Ош облусуна алып келди.