Жогорку окуу жайлардын жатаканаларында үй-бүлөлүү адамдар жашап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.
"Студенттер жашаган жатаканаларды ким көзөмөлдөйт? Бүгүнкү күндө ал жакта аймактардан шаарга келген үй-бүлөлөр ижарага алып жашап жатышат. Жаштар жана жатаканаларды ижарага алган жарандар начар шарттарда жашап жатышат.
Ал жатаканаларда оңдоп-түзөө иштери да жүрбөйт. Эгер ал жатаканалар ар кайсы окуу жайларга караса, эмне себептен ал жакта оңдоо иштери жүргүзүлбөйт? Ижарага алуу акысы айына 6 миң сомдон 9 миң сомго чейин экен, бирок эч кандай квитанциялар берилбейт", - деди депутат.
Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "ал жатаканаларда студенттер жашабайт, алар жеке жактарга ижарага берилет деген маалымат бар" деди.
Мындан улам төрага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө жатаканалар тууралуу маалымат берүү тапшырмасын берди.