"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаардык мэриясы: "Маршруттук таксилердин жол киреси окуучулар үчүн 1 сомдон 5 сомго көтөрүлгөн"

"Ош шаарынан Фуркат айылына каттаган 121-маршруттун айдоочулары окуучулардан 5 сом жол кире алып жатыптыр. Буга чейин мектеп окуучулары үчүн жол кире акысы 1 сом болчу. Жол киренин баасы көтөрүлдүбү? Буга эмне себеп болду экен?" деген окурман "Элдик кабар" рубрикасына кайрылган.

Окурмандын суроосуна жооп алуу үчүн Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровго кайрылганыбызда, ал жол кире баасынын көтөрүлгөнүн тастыктады.

"Шаардагы маршруттук таксилердин жол киреси окуучулар үчүн 5 сомго көтөрүлгөн. Тиешелүү чечимди Ош шаардык кеңеши чыгарган. Анткени буга чейин ата-энелер кайрылып, 1 сом төлөгөнү үчүн айдоочулар балдарын албай кетип жатканын айтып, жол киренин баасын көтөрүүнү суранган учурлар болгон. Ал эми айдоочулар бир эле аялдамадан 10-15 окуучу түшүп, башка жүргүнчүлөр батпай калып жатканын, буга байланыштуу алардын чыгымы акталбай калып жатканын айтып кайрылган.

Ал эми мэрияга караштуу автобустар менен троллейбустардын жол киреси окуучулар үчүн азырынча 1 сом бойдон калууда. Бирок 2020-жылдын 1-январынан тарта 3 сомго көтөрүлөт", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BekAmir
2019-05-22 16:46:08
Туура эле, бир сомго эмне келет азыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан