Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги тарабынан Ысык-Көлдөгү сууга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, көлдүн 20 жеринен суунун үлгүлөрү алынып, атайын лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлдү.
"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында суунун тазалыгы бардык талаптарга жооп бере тургандыгы аныкталды. 2016-2018-жылдардагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгынан айырмачылыктар дээрлик болгон жок.
Агенттик тарабынан жыл сайын 3 жолу, туристтик сезондун башында, ортосунда жана аягында Ысык-Көлдүн суусу текшерилип турат", - деп айтылат маалыматта.