Депутат ар бир айыл өкмөткө таштанды таштоочу жайларды жасап берүү керектигин айтты

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңеште депутат Зиядин Жамалдинов ар бир айыл өкмөткө таштанды таштоочу жайларды жасап берүү керектигин билдирди.

Жыйында “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Эл өкүлү айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевге кайрылып, жайыт деген эмне экенин сурады.

"Жайыт деп эмнени айтабыз? Эмне себептен айылдын жерлери жайытка кирип кеткен?" деди депутат.

Буга Эркинбек Чодуев "Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамы бар. Анын 2-беренесинде жайыт деп мал жаюуга пайдаланылуучу от жер аталат. Жайыт - бул чөп баскан айыл чарба жерлеринин бир түрү" деди.

Депутат "анда эмне себептен айылдын ичинде жайыт, жолдун, каналдын жээктери да жайытка кирип кеткен? Негизи мал жайылчу жайлоолорду жайыт деп айтабыз" деди.

"Бүгүнкү 9 миллион 64 миң гектар жер жайыт деп эсептелинет. Ар бир облусу боюнча маалыматтар бар. Ошол жерлердин баары жайыт деп эсептелинип калган жерлер болуп эсепке кирип калган", - деди Чодуев.

"Кайсы айыл өкмөткө барбайлы таштандыларды төгүүчү жер жок, баары эле жайыт болуп калыптыр деп маселе көтөрүшөт. Бул маселе чечилеби же жокпу? Айылдын ичиндеги, жолдун четиндеги жерлерди өткөрүп берүү зарыл. Ар бир айыл өкмөткө таштанды таштоочу жайларды жасап берүү керек", - деп кошумчалады депутат.

Чодуев бул боюнча маселени карап чыга турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
molorbaev
2019-05-22 15:21:17
Туура маселе которуптур. Ырас эле жайыт кол тийгис болуп, маселе чечилбей, кыйначу болду. Таштанды полигонуна жер таба албайсын. Экотехинспекция келип алып, таштанды полигону жок деп, атайылап кылып аткансып, штраф салышат. Чечуу керек, мыйзамга озгортуу киргизуу керек. Антпесе, иш жылбай калды. Он жылдап кезекке туруп, участка кутушот. Ал эми жерди трансформация кылуу тумондогон туйшук. Жылдап чуркамай. Расходун айт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан